БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусундагы Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров гидроэлектр станциясынын курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын белгилеген.
"Куланак ГЭСинин кубаттуулугу 100 мегаватт болот деген мерчемибиз бар. Ал ишке киргенде жылына 450 млн. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. Адистердин айтымында, ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда 800-1000 адамга жумуш орду түзүлөт. Ал эми толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу ишке алынат", — деди Жапаров.
Мамлекет башчынын айтымында, Куланак ГЭСи Нарын дарыясынын жээгине, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айылдарынын аймагына курулат. 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 чакырым узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат.
Ошондой эле Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5 081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Аны менен катар 2 100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Жапаров ГЭСти төрт жылдын аралыгында куруп бүтүп ишке киргизүү пландалганын айтты. Энергетика министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилигин жүктөгөн.
Долбоордун жалпы баасы 124 миллион доллар. Каражаттын 88 миллиону Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттары тарабынан насыя катары берилет.