Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Вашингтондун демилгеси менен РФ жана АКШнын коргоо министрлери сүйлөштү

Эки жетекчи акыркы жолу май айында сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия жана АКШнын коргоо ведомстволорунун башчылары Сергей Шойгу менен Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингхтин айтканына таянып РИА Новости жазды.
Ал журналисттердин жолугушууну ким сунуштады деген суроосуна "Ллойд Остин" деп жооп берип, сүйлөшүү канчага созулганын маалымдоодон баш тартты.
Буга чейин РФ Коргоо министрлиги менен Пентагон эки жетекчинин телефон аркылуу пикир алышканын кабарлашкан. Вашингтон Остин Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө байланышты сактоонун маанилүүлүгүн белгилегенин билдирген болчу. Россиянын Коргоо министрлиги Шойгу Остин менен Украина башында турган эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулаганын маалымдаган.
Шойгу менен Остин акыркы жолу 13-майда сүйлөшкөн. Министрлик эки жетекчи анда дагы "эл аралык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинадагы кырдаалды да талкуулаганын" айткан.
АКШ газдын баасы боюнча кош стандарттуулукка барууда. Макрон кине койду