Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде курман болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө 1-3 млн. сом жана батир берилет

Жарадар болгон жоокерлерге 100-200 миң сомдон чегерүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Баткенде Тажикстандын кол салуусунан курман болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө бир миллиондон үч миллион сомго чейин кенемте жана батир берилет. Маалыматты министрлер кабинетинин маалымат кызматы тастыктады.
Ал эми жарадар болгон жоокерлерге 100-200 миң сомдон чегерүү каралган.
Кенемте төлөө тартиби "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Анда эмгек тажрыйбасына, чинине жана башка жагдайларга карап бир миллион сомдон үч миллионго чейин бир жолку компенсация төлөө каралган.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куралдуу кагылышта каза болгон 15 жай тургундун жакындарына бир миллион сомдон, жарадарларга 100-200 миң сомдон берилерин айткан.
Белгилей кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын кол салуусунан 63 кыргызстандык набыт болгон, анын 48и аскерлер, 15 жөнөкөй жарандар. Ал эми 206 киши ар кандай оор жаракат алган, алардын ичинен 145и аскер кызматкери, 61и жергиликтүү тургун.
Мындан сырткары, 661 турак жай талкаланып, 423ү жашоого жараксыз деп табылган. 14 мектеп, сегиз бала бакча, медициналык беш мекеме, 15 административдик-стратегиялык объект, бир көпүрө, жашоо-тиричиликти камсыздоочу 197 объект, 337 мал сарай, 61 автоунаа талкаланган.
Садыр Жапаров жети миллионунчу кыргызстандыкка 1 млн. сом которду