Өзгөндө Кемпир-Абаддын коңшуларга берилишине каршы жөө жүрүш өттү

Мурдараак бул аймакта Кемпир-Абад боюнча митинг уюштурулган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы жөө жүрүш болду.
Жүзгө чукул адам Куршаб айыл өкмөтүндө чогулуп, андан ары Өзгөн шаарын көздөй жөө чыгышкан.
Митингге чыккандар "Кемпир-Абад калсын!", "Кемпир-Абад — Кыргызстандын жери!" деген ураандарды көтөрүп алышкан.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген.
Садыр Жапаров үч облустун тургундарына Кемпир-Абад боюнча маалымат берди