АКШ газдын баасы боюнча кош стандарттуулукка барууда. Макрон кине койду

Батыш мамлекеттери Москвага каршы санкция киргизип, россиялык отундан баш тартууну чечкенден кийин энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын өсүшүнө тушуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон газдын баасын бекитүүдө АКШ кош стандарттуулукка барып жатканын айтып нааразы болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, газ ушу тапта Америка рыногунда Европаныкына салыштырмалуу кыйла арзан.
"Америка экономикасы тандап алган жолду сыйлайм, бирок бул кош стандартты шарттап жатат. АКШ энергияны өзү өндүргөнү үчүн баасы биздикине караганда төмөн, мындан тышкары, бизге караганда ички рынокто үч-төрт эсе арзан сатылууда. Кош стандарт деген ушул", — деди Макрон Брюсселде өткөн ЕБ саммитинин жыйынтыгы менен.
Франция лидери аталган маселени декабрда АКШга боло турган сапарынын алкагында талкуулай турганын билдирди. Визит 1-2-декабрга белгиленген.
Батыш мамлекеттери Москвага каршы санкция киргизип, россиялык отундан баш тартууну чечкенден кийин энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын өсүшүнө тушукту. Баанын өсүшү менен Европада өнөр жай катуу аксап, бул экономиканын башка тармактарына олуттуу таасир тийгизди.
ЖМК: европалыктар АКШ стратегиясынын курмандыгы болгонун түшүнө башташты