Эмгек кодексине аралыктан иштөөнү жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Махабат Турдумаматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Эмгек кодекси эскирип, айрым өзгөртүүлөрдү киризүү зарылдыгы жаралган.
"Пандемиядан кийин эмгек рыногу олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Аралыктан, өз алдынча иштөө сыяктуу эмгектин түрлөрү пайда болууда. Ошол эле учурда алар көмүскөдө болуп, укуктары сакталбай калып жатты. Мындан улам Эмгек кодексине аралыктан иштөө деген бап киргизилип, коомдук талкууга чыгарылды. Анда аралыктан иштөөдөгү эмгек мамилелерге тийиштүү аныктамалар берилип, белгиленген. Ошондой эле электрондук эмгек келишимин киргизүү мерчемделүүдө", — деди Турдумаматова.
Ал жумуш берүүчүлөр, профсоюздар менен биргеликте жумушчу топ түзүү мерчемделип жатканын кошумчалады.