Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү таратты

Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери ЖМК өкүлдөрүн жана элди кастыкты козуткан билдирүүлөрдү таратпоого чакырышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери Уларбек Шаршеев менен Раджобали Рахмонали жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Билдирмеге ылайык, эки тарап чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча аракетти күчөтүүнү макулдашкан. Жетекчилер чек ара талуу маселе экенин эске алып, иш өз ара сый-урматтын, ынак коңшулук мамиленин негизинде жүрүшү керектигин белгилешти.

"Эки тарап тең жаңжалга жол бербөө боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын иш-аракеттерине объективдүү баа берди. Келишимдерди бекемдөө жана ишке ашыруу үчүн тараптар байма-бай жолугушуп турууну сүйлөштү. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары мамлекеттик чек ара сызыктарын аныктоо Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ыйгарым укуктуу иши экенин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу эки тараптын чек ара кызматтарынын жетекчилери жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүн жана башка жарандарды жаңжалдын тутанышына, эки улуттун ортосундагы кастыкты козутууга алып келе турган билдирүүлөрдү таратпоого чакырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар өзүм билемдик менен чыгарган ар бир туура эмес билдирүүлөр тынчтыкты бузуу аракети деп сыпатталарын белгилешкен. Маалыматта учурда чек арада абал туруктуу экени кошумчаланды.
Ташиев тажик тарап менен өз ара иштешүүнү арттырууга тапшырма берди