БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Алматыдагы аэропортто Бишкекке учуп жаткан жүргүнчү жигиттин кубаттоочу аппараты, көтөрүп жүргөн пауэрбанкы текшерүүдөн өтүп жатканда жарылып кетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Бактыга жараша, аппараттын ээси жабыр тарткан эмес.
"Алматы — Бишкек багытында КС 109 каттамы менен учууга камынып, текшерүүдөн өтүп жаткан Т. М. аттуу жүргүнчүнүн кубаттай турган портативдик түзүмү күйүп кеткен", — деп билдирген "Эйр Астана" авиакомпаниясынан.
Техникалык нускамада мындай аппараттарды, тагыраагы, кошумча батареяларды, кубаттагычтарды колго көтөргөн сумкага, өзүнчө пластик баштыкчаларга ороп салып жүрүү керектиги айтылат. Бул учкундун чачырап, жарылып же өрттөнүп кетүүсүнөн сактайт.