БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соода тармагында пайда болгон тоскоолдуктарга катуу чара көрүүнү сунуштады.
Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңештин Ереванда өтүп жаткан жыйынында сүйлөгөн.
"Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы барьерлерге каршы күрөш биздин күн тартибиндеги маанилүү маселеден болуп калмакчы. Алты жыл аралыгында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн башчылары ички рыноктогу барьерлер тууралуу айтып келгени менен, тилекке каршы, тоскоолдуктар азайбай жаткандыгын моюнга алуу керек", — деди Жапаров.
Анын айтымына караганда, Евразиялык экономикалык комиссиянын иши майнаптуу болушу үчүн аткарган функцияларын, компетенциясын кайрадан карап чыгуу зарылдыгы жаралды. Ошондой эле бул процесске ЕАЭБ сотун да тартуу керек
"Укуктук, аны менен катар финансылык таасир жаатында катуу, бирок иштеп кете турган натыйжалуу механизмдер туурасында ой калчоого, балким, мезгил келип жетти", — деп кошумчалаган Жапаров.