22-октябрга карата аба ырайы

22-октябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +20...+25, Ысык-Көл облусунда +11...+16, Нарын жергесинде +12...+17 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу