Жанар Акаев: өзү билемдик, жеке басар бийликке эч качан жол бербейбиз

Айдарбековго буга чейин үч фракциянын, эки топтун ишеним көрсөтпөгөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. "Альянс" фракциясынын депутаты Жанар Акаев мындан ары эч бир комитеттин төрагалыгына талапкер көрсөтпөй турганын билдирди.
Анын айтымында, башында анын фракциясына квота менен Эл аралык иштер комитетинин төрагалыгы берилген.
"Чыңгыз Азаматович фракцияны уят кылбай, эл тарапта болуп, сабаттуу чечимдерди кабыл алып жакшы иштеп берди. Ал үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Эгер Айдарбековго ишеним көрсөтпөй кызматтан алган болсоңор, мындан башка бир дагы комитеттин төрагалыгына талапкер чыгарбайбыз. Сегиз фракциянын ичинен "Бүтүн Кыргызстан" эле комитет алган эмес, эми биз дагы албайбыз", — деди Акаев.
Ошондой эле депутат учурда айрым блогерлер, жарандык активисттер камалып жатканын эске салып, бирок Кыргызстанда диктатура орнотуу мүмкүн эместигин айтты.
"Биз диктатурага баратабыз, Түркмөнстан болгону калдык деген сындар көп болуп жатат. Мен жоопкерчилик менен айтып коёюн: биз Кыргызстан эч качан Түркмөнстан болбойбуз, өзүм билемдик, жеке басар бийликке эч качан жол бербейбиз!" — деди депутат.
Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлган. Анда 42 депутат "макул", 17си "каршы" добуш берген. Спикер Нурлан Шакиев ал төрагалыктан артка чакыртылды деп жарыялаган.
Икрамов Айдарбековго: парламентти экиге бөлбөй өзүңүз эле кетип калыңызчы