БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Психоаналитик Филипп Татаренко акыры ажырашып кете турган жубайларды кантип аныктаса болорун "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Никенин көпкө узабасын көрсөтүп турган белгилер:
1.
жубайлардын биринин ата-энесинен көз карандылыгы. Мындай учурда өз алдынча чечим кабыл алуу болбой, бүлө ичинде пикир келишпестик пайда болот;2.
жаңы түзүлгөн үй-бүлөнүн бир бүтүнгө айлана албай калышы. Мында ар ким өз арбайын согот дагы, ынтымак пайда болбойт;3.
төшөк мамилесиндеги нааразычылыктар. Жубайлардын бири-биринен ырахат алуусуна эч бир жагдай тоскоол болбошу керек;4.
балага баш-оту менен берилип кетүү. Канча балалуу болгон күндө дагы аял менен эркек экөөнүн ортосундагы "мамилени" унутта калтырбашы керек;5.
бири-бирин колдой албастык же бири экинчисинин кызыкчылыктарына көз жумуп коюусу;6.
бири-бирине кечиримдүү боло албашы.Адис үй-бүлөсү менен узак жана бактылуу жашагысы келген адамдар аталган көрүнүштөрдү жок кылуу керектигин эскертет.