Бишкек: Түштүк Чоң Чүй каналынын боюндагы жерлер мыйзамсыз берилип кеткен

Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Түштүк Чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлери жеке жактарга көп кабаттуу үйлөрдү салууга жана башка курулуштарды тургузууга мыйзамсыз берилген фактылар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгү жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймактар туурасында жүрүп жатат. Маалыматтарда канча гектар экени аныкталып жатканы айтылды.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынан кийин Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал республиканын суу фондунун жерлерин берип койгон деп шектелүүдө.
УКМКдан учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Элдин ден соолугу менен ойношкон. Дары департаментинин кызматкерлери кармалды