Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатат

Трасс азырынча ордуна башка бирөө шайланмайын премьерликти улантып турарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Элизабет Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал өзүнүн ордуна башка бирөө шайланмайын ишин улантып турарын айтты.
Өкмөт башчы Консерваторлор партиясынын лидерин шайлоо келерки жумада болорун айтты.
Трасс башында турган Британия өкмөтүнө экономиканы колдоо пландарынан улам болуп көрбөгөндөй сын-пикирлер жааган. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн мамлекеттик карызды көбөйтөрү айтылган. Аталган планды парламентке финансы министри Квази Квартенг алып келген, долбоордо салыктарга өзгөчө басым жасалган.
Финансылык абалдан улам өткөн жумада Трасс ишканалардын кирешеден түшкөн салыгын 19 пайыздан 25 пайызга көтөрүү туурасында жарыялаган.
Жума күнү экономиканы колдоо боюнча чуулуу пландын автору Квартенг отставкага кетип, анын ордун аталган өлкөнүн мурдагы ТИМ башчысы Жереми Хант ээлеген. Ал экономикалык кырдаалды жөнгө салуу үчүн сөз болуп жаткан пландын бардык чараларын жокко чыгарган. Ал шаршемби күнү ИИМ башчысы Суэлла Браверман отставкага кеткен.
РФ менен Кытайдан келген коркунучка бирге каршы турабыз. Байден менен Трасс сүйлөштү