Пресс-борбор

Баланын синтетикалык баңгизат колдонгонун билсе болобу? Адистин жообу

Өспүрүмдөр арасындагы тренд деген түшүнүк аларды синтетикалык баңгизатын колдонууга кептеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Баланын синтетикалык баңгизатты колдонуп жүргөнүн кантип байкаса болот? Бул суроого Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Айдар Шигаев жооп берди.
Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Айдар Шигаев
"Баланын көздөрү себепсиз кызарып калса баңгизатын колдонду деген шектенүүгө түртөт. Өзүн демейдегиден башкача алып жүрсө, сүйлөгөндө бири-бирине байланышпаган эле окуяларды айта берсе баңгизатын колдонгондон кабар бериши мүмкүн", — деди Шигаев.
Аталган кызматтын Синтетикалык баңгизаттарга, IT-технологиялар тармагындагы баңги коркунучтары жана баңги кирешелерин легализациялоого каршы иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Акылбек Сегизбаев өспүрүмдөрдүн баңгизатына азгырылып кетишинин себептерин атады.
"Өспүрүмдөрдүн тили менен айтканда, бул тренд, ошондон улам ага азгырылышат. Мурда кан тамыр аркылуу, бир түрдүү гана баңгилик бар болчу. Кантсе да анда чектөө болгон экен, себеби балдар уколдон коркот эмеспи. А бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизаттары өтө жеткиликтүү, кенен жайылып кетти. Аны сатуучуну көрбөй туруп сатып алуу ыкмалары да көп болууда", — деди Сегизбаев.
Анын айтымында, баңгизатынын жайылышына каршы күрөшкөн кызматкерлер жана медицина кызматкерлери мектептерде баңгиликтин алдын алуу иш-чараларын көп өткөрүп жатышат.
Пресс-борбор
Кыргызстанга баңгизат кайдан кантип келет. ИИМдин түшүндүрмөсү