Радио

Жанарбаев: "Орто Азия романсиадасы" конкурсу 26 жылдан бери өтүүдө

"Орто Азия романсиадасы - 2019" эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү Миран Жанарбаев Бишкекте жаш аткаруучулар арасында "Орто Азия романсиадасы" деп аталган VI эл аралык конкурс өтө турганын айтты.
Sputnik
Орто Азияда 26 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан "Орто Азия романсиадасы" аттуу VI эл аралык конкурс бүгүн, 20-октябрда, Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 11:00дө башталат. Бул тууралуу Миран Жанарбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган конкурска Өзбекстан жана Казакстандан катышуучулар келет.
"Негизи "Орто Азия романсиадасы" конкурсу 26 жылдан бери Орто Азияда уюштурулуп келет. Бишкекте болсо быйыл алтынчы жолу өтүүдө. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгармачылык жогорку окуу жайлардын студенттери, адистештирилген орто окуу мекемелеринде жана музыкалык мектептерде окугандар, андан тышкары, орус романстарынын күйөрмандары катышса болот. Буга чейин 80 жашка чейинки таланттуулар катышып келген болсо, быйыл чектөө киргизилди. Бул жылы 35 жашка чейинки гана ырдаганга шыгы бар жаш өнөрпоздор катыша алат. Конкурс үч тур менен өтөт. Кызыккандардын баарын бүгүн, 20-октябрда, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына саат 11:00гө чакырабыз. Кирүү акысыз", — деди Жанарбаев.
Ал "Орто Азия романсиадасынын" жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган "Романсиадалардын" финалына жолдомо ала турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — конкурстун медиаөнөктөшү.