Статкомдун жетекчиси: менталитетке байланыштуу эркектер көп төрөлүп жатат

Бишкекте Ак калпак күнүн белгилөө учурунда балдар. Архив
Эл өкүлү эмне себептен соңку жылдары кыздар аз төрөлүп жатканын сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кыргызстанда эмне себептен эркек балдар көп төрөлүп жатканын айтты.
Парламентте депутат Элвира Сурабалдиева соңку жылдары өлкөдө кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлүп жатканын, мындай статистика кайсы жылы башталганын сурады.
Председатель Национального статистического комитета Бактыбек Кудайбергенов
"Дайыма эле ушундай, биздин менталитетке байланыштуу", — деп жооп берди Кудайбергенов.
Мындан улам Сурбалдиева эгер мындай темп менен кете берсе кыздар тартыш болуп каларын айтты.
Сурабалдиева төраганын сөзүн кубаттап, уулдун төрөлүшүн каалагандар көп болгондуктан кээ бир келиндер кыз болуп калса боюнан алдырып саларын кошумчалады. Бул тууралуу БУУнун Аялдар (UN Women) структурасынын отчётунда да жарыяланганын белгиледи.
 Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева
"Менталитетке байланыштыра бербей, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, антпесе 50 жылдан кийин Кытайдагыдай болуп кыздардын саны жетишпей калышы мүмкүн", — деген пикирин кошумчалады депутат айым.
Жапаровдун жети миллионунчу бөбөктүн энесин куттуктаган видеосу