Бишкекте кыз-келиндер үчүн күрөш залы ачылды. Сүрөт

Жаңы ачылган спорттук жайда медициналык-реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, конференц-зал, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залынын ачылыш аземине катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, зал массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын базасында курулган. Президент өлкөдө көп кыздар күрөш менен машыгууга кызыгарын, бирок алар үчүн атайын заманбап зал жок болгондуктан буга чейин эркектер менен чогуу машыгып келгенин белгилеген. Анын айтымында, жаңы имарат беш айда салынып бүттү.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залынын ачылыш аземине катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, зал массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын базасында курулган

3 / 4

Президент өлкөдө көп кыздар күрөш менен машыгууга кызыгарын, бирок алар үчүн атайын заманбап зал жок болгондуктан буга чейин эркектер менен чогуу машыгып келгенин белгилеген

4 / 4

Анын айтымында, жаңы имарат беш айда салынып бүттү

Садыр Жапаров эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, өлкө туусун бийик көтөргөн кыздарды Жаңыл мырза, Кыз Сайкал менен салыштырган.
"Спортчу кыздарыбыз өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем", — деген өлкө башчы.
Ачылыш аземде эркин күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, спортчу Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова президентке ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришкен. Жаңы ачылган спорттук жайда медициналык-реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, конференц-зал, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бар.
Кыргызстандык 3 балбан АКШдагы турнирге дүйнөлүк курама команданын атынан чыгат