Пресс-борбор

Кыргызстанга баңгизат кайдан кантип келет. ИИМдин түшүндүрмөсү

Кыргызстанда афган өндүрүшүнөн чыккан героин менен афган чарсынын көлөмү көбөйүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. ИИМдин баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде өлкөгө баңгизат кандай жолдор менен келерин айтып берди.
"Кыргызстанга баңгизат түндүк маршрут менен, башкача айтканда, Афганистандан Тажикстанга, ал жактан биздин өлкөнүн түштүк аймактарына келет. Андан соң Сары-Таш, Мазар багыты жана Баткен облусу менен биздин аймакка түшүп, бул жактан Казакстанга, Россияга жана Европанын башка мамлекеттерине тарайт", — деди Шигаев.
Анын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда афган өндүрүшүнөн чыккан героин менен афган чарсынын көлөмү көбөйүүдө.
600 миң сомго сатып жаткан... Ошто эки адам баңгизат менен кармалды. Сүрөт