БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков мамлекеттик кызматкерлерди Кыргызстандын калкын аз деп атабоого чакырды.
Ал бүгүн президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып мамкызматкерлерге эскертүү берип коюшун талап кылды.
"Каргыздар азбыз, жети миллион элебиз" дегенди токтотушубуз керек. Биз кубаттуу мамлекетпиз. Жазуучу Кален Сыдыкова Кытайдын архивинен казып чыккан китебинде кыргыздар убагында кандай кубаттуу болгону жазылган. Айрым мамлекеттик кызматкерлер утуру эле "кыргыздар аз сандабыз, этият болушубуз керек" деген сөздөрдү айтып жатышат. Бул эмне деген сөз, токтотуш керек мындайды. Азга карабай сапаттуулукка, жүрөктүлүккө, акыл-эстүүлүккө карайт. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Өзүбүз ушинтип жатсак, башкалар эмне деп ойлойт. Эртең бир жолу төбөбүзгө чыгып албайбы", — деди Өмүрзаков.
Мындан сырткары, депутат Тажикстан чек арага жакын жерлерге оор техникаларды тартып, окоп казып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн айтып, тынчтыкты сактоо боюнча протоколду сактоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.