Россотрудничество: Кыргызстан менен Россия социалдык чөйрөдө кызматташат

Бишкекте "Жакшы иштерди жасоонун мезгили: Россия — Кыргызстан" аттуу форум өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда социалдык чөйрөдө кызматташуу үчүн чоң аянт бар. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев "Жакшы иштерди жасоонун мезгили: Россия — Кыргызстан" аттуу форумда билдирген.
Ал социалдык багытта көп иштеш керек деген түшүнүк бар экенин айтып, Россиянын бул жааттагы тажрыйбасына токтолгон.
"Азыр жарандык коом сырттан келген каржылоону күтпөй өз алдынча болуп, жергиликтүү бизнес, уюмдар менен иштешүүгө өтүүдө. Мисалы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамиле өзгөрдү. Социалдык чөйрөдө көп иштер жасалды. Бул — структураларды өз алдынча өнүктүрүүдөгү жакшы тажрыйба", — деген Зульхарнеев.
Ал Кыргызстанда да бир топ тажрыйба топтолгонун белгилеп, социалдык чөйрөдө идея, сунуштар менен алмашып тыгыз кызматташууга чоң аянт бар экенин кошумчалаган.
10 өлкөдөн келген жаш адистер Sputnik Кыргызстандын офисинде болду