Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда

Бүгүн депутаттар Чыңгыз Айдарбековду ишеним көрсөтпөө менен кызматтан алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда.
Учурда аны шайлоого даярдык көрүлүп жатат. Добуш жабык түрдө берилет.
Примов Алай округунан шайланып келип, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.
Депутаттар комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду ишеним көрсөтпөө менен бүгүн кызматтан алышкан.
Жанар Акаев: өзү билемдик, жеке басар бийликке эч качан жол бербейбиз