Икрамов Айдарбековго: парламентти экиге бөлбөй өзүңүз эле кетип калыңызчы

Айдарбековдун маселеси боюнча депутаттар эки топко бөлүнүп талашып-тартышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Парламентти экиге бөлбөй өзүңүз эле кетип калыңызчы. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер комитетинин төрагалыгынан алуу маселеси каралып жатканда билдирди.
Парламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору кароодо туура эмес кадамдар кеткенин айтты.
"Азыр бардык жактан катачылык бар, Чыңгыз мырза тараптан дагы кетти. Бирок ким кандай кылмыш кылып жатканын убакыт көрсөтөт. Сиздин колуңузга документ тийбегенден кийин ошондо жыйынды токтотуп койсоңуз болмок. Анан, урматтуу төрага, сиз дагы шашып эч кандай фракциялар чечими чыга электе эле "ишеним көрсөтпөдү" деп айтып койдуңуз. Парламентти экиге бөлүп ызы-чуу кылдырбай, Чыңгыз мырза, өзүңүз арызыңызды жазып берсеңиз туура болгону турат. Азыр экиге бөлүнүп жатабыз да, жаман иш болуп жатат", — деди Икрамов.
Буга чейин спикер Нурлан Шакиев үч фракция, эки топ Айдарбековго ишеним көрсөтпөй комитет жетекчилигинен артка чакырып алууну сунуштаганын айткан.
Айдарбеков: бизге документтердин берилбей жаткан себебин кесиптештериме бүгүн айтам