БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Европанын айрым тургундары АКШнын глобалдык стратегиясынын курмандыгы болгонун түшүнө башташты. Украинадагы кырдаал Европаны ара жолго коюп жаткан шартта ЕБ АКШны ээрчүүнү улантат же Вашингтон Евробиримдиктин жоготууларынан пайдаланып калбашы үчүн биргеликте ойлонулган өнүгүү саясатын жүргүзөт. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү Еврокомиссия энергетикалык каатчылыкка жооп катары киргизе ала турган бир катар чараларды сунуштаган. Анын ичинде 2023-2024-жылдардын кыш мезгилине чейин кампаларды толтуруу үчүн Евробиримдикке 13,5 миллиард куб метр газды милдеттүү сатып алуу дагы бар. Бирок бул сунуштарды алгач Евробиримдикке мүчө-мамлекеттер макулдашышы керек.
Басылма жазгандай, кыш жакындаган сайын Европада электр энергиясынын, газдын баасы өсүүдө. ЕБдин айрым мамлекеттери Россиядан аз өлчөмдө барган газга гана эмес, бардык көгүлтүр оттун баасына чек коюуну каалашууда. Макаланын авторлору газдын баасына киргизилген чектөөдөн улам көгүлтүр от берүү толук токтотулса, келерки кышта Евробиримдикте газ тартыштыгы жараларын белгилешкен.
"Бааны жогорулатуу суроо-талапты азайтууга жардам бербейт. Анда көгүлтүр от мындан да аз келип калышы ыктымал. ЕБ газ менен камсыз кылууда суроо-талапты кармап калуунун жолун издеши керек. Эгер суроо-талап сунуштан ашып кетсе, баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн", — деп жазылган макалада.
Басылма Россия менен ЕБдин ортосунда энергетикалык карама-каршылык болгон шартта АКШ аларды абалдан чыгарып кетет деп үмүттөнгөнүн жазган. Бирок Американын суюлтулган жаратылыш газы Россиядан барган көгүлтүр отко караганда кымбат болуп чыкты.