Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Окоп казып, курал ташып жатышат. Депутат Тажикстан менен сүйлөшүүнү талап кылды

Эл өкүлү жергиликтүү тургундар тынчсызданып ага кайрылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков Тажикстан менен тынчтыкка келишүү тууралуу кол коюлган проктолдордун сакталышын көзөмөлдөөнү талап кылды.
"Эми муну кандай түшүнсө болот? Баарыбыз көрдүк го, Тажикстан жарандык унаалар менен мечитке курал-жарак алып келип, окопторду казып жатышат. Кечээ Баткен, Лейлек райондорунан балдар келишти, "алар даярданып жатканын көрүп жатабыз, оор техникалары алыска кеткен жок" дейт. Анан мындай маалыматтарды алып жатабыз, видеолору чыгууда деп расмий жолугушууларды өткөрүш керек да. Унчукпай отура берсек эртең эмне болот? Өткөндө дагы эл айтып жаткандан кийин жаңжал чыккан. Тез арада сүйлөшүү жүргүзүш керек", — деди Өмүрзаков.
Депутат өкмөттөн бул жагдай тууралуу маалыматты төрагага же тармактык комитетке тез арада беришин сурады.
Белгилей кетсек, кечээ УКМКнын Чек ара кызматы 25-сентябрдан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап, чек аранын бардык периметри боюнча траншеяларды казып жатканын билдирген.
Өтө опурталдуу. Депутат АКШ аскер делегациясынын Баткенге келишинен чочулады