ЖКда үч фракция, эки топ Чыңгыз Айдарбековго ишеним көрсөтпөй чыкты

Айдарбековду комитет төрагалыгынан кетирүү маселеси парламенттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин үч фракциясы, эки тобу Чыңгыз Айдарбековго ишеним көрсөтпөй, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакырып алуу чечимин чыгарды.
Төрага Нурлан Шакиев ага аталган чечимдер келип түшкөнүн билдирди.
"Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик", "Мекенчил" топторунун ишеним көрсөтпөгөнү белгилүү болду.
Ал эми "Альянс", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары кошулган эмес.
Мындан улам Айдарбековду комитет төрагалыгынан кетирүү маселеси бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилди.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков буга чейин аны кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна кол койбогону үчүн кызматтан кетирүү аракети болуп жатканын айткан. Кийинчерээк талашып-тартышпай ордун тапшырууну чечкенин, бирок өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловдун сындаган сөзүнөн улам кетүүдөн кайра баш тартканын билдирген.
Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча келишимдин документтери толук көрсөтүлбөй жатканын негиз кылып Эл аралык иштер комитетинин чечимине кол койбой жаткан.
Байсалов Кемпир-Абад боюнча чечимге кол койбой жаткан Айдарбековду сындады