БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ишеним көрсөтпөөнү сунуштаган фракциялардын чечимине даттанбайм. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Айдарбеков билдирди.
Ал кызматтан чакыртып алуу тууралуу сунушту жыйындар залына келгенден кийин эле угуп жатканын белгиледи.
"Апелляция бербейм, кесиптештерим өздөрү чечсин. Мен кеткенге даярмын, адилеттүүлүк үчүн бул этапты дагы басып өтүүгө туура келет. Дагы бир жолу айтам, комитетке келишимдин документтери толук берилген эмес. Аларды мурдагы күнү карадым, дагы деле толук эмес. Анан калса документтер боюнча менде суроолор жаралды. Бүгүн ал тууралуу кесиптештериме айтам. Бизге ал документтерди бербей жатканынын себеби ошол болду окшойт. Өтө көп суроолор жаралууда. Өзгөчө Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу. Бардык тарыхый документтер боюнча, ал биздин жер", — деди Айдарбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин үч фракция жана эки топ Айдарбековго ишеним көрсөтпөө чечимин төрагага сунуштаган. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик", "Мекенчил" топторунун ишеним көрсөтпөгөнү айтылган. Бирок кийин Мирлан Самыйкожо "Элдик" топ андай чечим чыгарбаганын айтты.