Пресс-борбор

Баңгизат колдонгондор Кыргызстандын кайсы аймагында көп экени анык болду

Баңгизат колдонгондордун арбыны Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек калаасы баңгизат колдонгондордун саны боюнча биринчи орунда турганы анык болду. Бул туурасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматындагы башкармалык жетекчиси Айдар Шигаев билдирди.
Анын айтымына караганда, баңгизат колдонгондордун арбыны Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында.
"Алар героин, апийим, гашиш жана синтетикалык баңгизаттарды колдонот", — деп билдирди Шигаев.
Башкармалыктын башчысы Кыргызстанда аталган затты колдонгондордун расмий саны азайып бара жатканын кошумчалады.
Пресс-борбор
Кыргызстанга баңгизат кайдан кантип келет. ИИМдин түшүндүрмөсү