Акылбек Жапаров кийинки жылы Бишкекке 2000 автобус алып келүүнү убадалады

Өкмөт башчы эмки жылы борбор калаанын таштанды жана коомдук транспорт көйгөйүн чечүүгө аракет кыларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы Бишкекке 2000 автобус алып келинерин убадалады.
Ал Беларустун жана Казакстандын премьер-министрлери менен сүйлөшүп, 1000ден автобус алууга макулдашканын айтты.
“Бирок биз эки тарапты тең канааттандыра турган каржылык моделди таба албай жатканбыз. Бүгүн Беларусь рубли жана теңге менен сатууга даярдыгын айтышты. Анан чоң камсыздандыруу компаниясынын жоктугуна байланыштуу кыргыз тараптан маселе чечилбей жатат. Алар бул маселени да чечүүгө даяр. Кийинки жылы 2000 автобус алып келинет. Негизи шаардын муктаждыгын чечүүгө 1700 автобус керек”, — деди Жапаров.
Мындан сырткары, ал таштанды полигону боюнча да сүйлөшүү үчүн Бишкектин мэри Чехияга кеткенин кошумчалады.
Жапаров эмки жылы таштанды жана коомдук транспорт көйгөйүн чечүүгө аракет кыларын айтты.
Өзбекстандан алып келинген 50 автобус Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү. Сүрөт