Депутат: Айдарбековду кызматтан кетирүү мыйзамсыз, себеби добуш жеткен жок

ЖК комитетинин төрагасын ордунан кетирүү үчүн 50дөн кем эмес эл өкүлүнүн макулдугу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. ЖКнын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызматтан кетирүү мыйзамсыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, добуш берүү учурунда ЖК регламентинин 28-беренеси бузулду. Себеби комитет төрагасын кетирүү үчүн 50дөн кем эмес депутаттын макулдугу керек. Ал эми мында 42 гана депутат "макул" деп добуш берген.
Өз кезегинде Айдарбеков "чечим кабыл алынды, андан ары регламенттин алкагында каралат деп ойлойм" деген пикирин айтты.
Ошондой эле депутат ага ишеним көрсөтпөөгө Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечимине кол койбой койгону себеп болгонун кошумчалады. Ал комитет жетекчилигинен кетсе дагы позициясы өзгөрбөй турганын билдирди.
Бүгүн түштөн кийин Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлган. Анда 42 депутат "макул", 17си "каршы" добуш берген. Спикер Нурлан Шакиев ал төрагалык орундан чакыртылды деп жарыялаган.
Жанар Акаев: өзү билемдик, жеке басар бийликке эч качан жол бербейбиз