Акылбек Жапаров Арменияда өткөн ЕАЭБ жыйынында эмнелерди айтты

Жапаров ушул жөнөкөй эмес мезгилде бирикме өзүнүн негизги максатын көрсөтүшү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров быйыл Кыргызстан ЕАЭБ органдарына төрагалык кылып жатканын белгилеген. Ал жыйын татаал геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалда өтүп жатканын айткан.

"Ушул жөнөкөй эмес мезгилде биздин бирикме, менимче, өзүнүн негизги максатын — өз ара соодада тоскоолдуктарды жоюу жана анын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууну көрсөтүшү керек. Бул үчүн бизде зарыл болгон нерселердин бардыгы, эң башкысы — биздин мамлекет башчыларынын саясий эрки бар. Биз чыныгы өз ара пайдалуу экономикалык өнөктөштүк үчүн өкмөттөрдүн колунан келген аракеттерди жасообуз зарыл. Биз баарыбыз бирдиктүү максатка — мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн интеграциялык бирикмебиздин төрт негизги жобосун илгерилетүү аркылуу биримдигибизди бекемдөөгө умтулабыз", — деген Жапаров.

Ал жыйындын күн тартиби маңыздуу жана Евразиялык экономикалык биримдик үчүн эң маанилүү жана актуалдуу маселелерди камтый турганын белгилеген.
Радио
Ибраев: байкоочу макамдагы мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуп калуусу мүмкүн