Лизингди өнүктүрүүгө 50 миллион доллар инвестиция тартуу пландалып жатат. Бул тууралуу Нурланбек Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алынган каражат жаңы технология, техника, асыл тукум малдын лизингин өнүктүрүүгө жумшалат.
"Быйыл 270 миллион сом лизингди өнүктүрүүгө бөлүндү. Мындан тышкары, кластердик каржылоо долбоорунун алкагында 500 миллион сом айыл чарба техникасынын, 500 миллион сом асыл тукум мал чарбачылыгынын лизингин жакшыртууга берилди. Кийинки жылга Евразия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар инвестиция тартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул ишке ашса 4 миллиард сомдон ашык каражат жаңы технологиялар, техникалар, асыл тукум малдын лизингин өнүктүрүүгө жумшалат. Айыл чарба техникасы улам эскире бергендиктен жаңылап туруу зарыл. Буга чейин жалпы 7 миллиард сомдон ашуун каражат лизингге берилди. Анын 2,5 миллиард сому быйылкыга туш келди. Муктаждык абдан күч. Анткени айыл чарба техникасынын 70 пайыздан ашыгы эскирген. Ошондуктан лизингге өзгөчө көңүл бурулууда. Албетте, эбегейсиз каражат талап кылынат. Учурда техниканын 2-2,5 пайызга чейинки түрү алмаштырылууда. Жакынкы 3-4 жылда муну 7 пайызга жеткирүү мерчемделүүдө. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 10 пайызды түзөт. Буга жакында жетпесек дагы ошого жакындатуу зарыл", — деди Кожогулов.
Ошондой эле ал дүйнөдөгү экономикалык жагдайга байланыштуу айрым айыл чарба техникаларынын наркы 20 пайызга чейин өскөнүн кошумчалады.