"Медиация жөнүндө" мыйзамы 2018-жылы кабыл алынган. 2019-жылы медиация институту тиешелүү мамлекеттик органдар менен кылмыш ишинде медиация жүргүзүү же болбосо кайра калыбына келтирүүчү медиацияны жүргүзүү боюнча меморандумга кол койгонбуз. Анын негизинде ушул күнгө чейин ондой иш жасалды. Бул тууралуу Гүлсина Кожоярова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Юстиция министрлиги тарабынан абакта отурган адамдарга медиация кызматын көрсөтүү боюнча сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда медиаторлорго шарттар каралган эмес.
"2018-жылы "Медиация жөнүндө" мыйзамын кабыл алып жатканда кылмыш иштерине медиацияны тартууну кое туралы деген пикиримди билдиргем. Анткени буга чейин бизде тажрыйба жок болчу, алгач кантип иштеп, эмне кыларыбызды аныктап, иш тартиби, эрежелерди бекитип алышыбыз зарыл эле. Бирок мыйзамдын ичинде кабыл алына берсин, 2019-жылы жаңы кодекстер кабыл алынса ошолор менен кошо тажрыйбанын негизинде иштеп чыгабыз деген жүйө айтылган. Бирок андай болгон жок. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул маселе ачык бойдон калууда. Башкача айтканда, медиация институтунун иштөө тартиби боюнча концепция жок. Ошондуктан Юстиция министрлиги азыркы сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда да ушул нерсени эске алып, анча оор эмес кылмыш менен абакта отургандарга медиацияны тартууда алар кандай шартта иштейт, каякта отурат, кантип иш алып барып, маянасын ким төлөйт деген маселелерди кошо чече кетсе жакшы болмок. Анткени азыркы учурда медиаторлорго акыны ишке тарткан тарап өзү төлөп келет. Ал эми мамлекет жалдаган кезде кандай болот? Эгер кылмышкер Чүйдөгү абактардын биринде, жабырлануучу Баткенде болсо иш кантип жүргүзүлөт? Мына ушул маселелер мыйзамга камтылышы зарыл", — деди Кожоярова.
Ал медиация институту өлкөдө мамлекеттик орган эмес коомдук уюм болуп иш алып барарын кошумчалады.
Эске салсак, Юстиция министрлиги өтө оор эмес кылмыш жасаган, тагыраак айтканда, беш жылга чейин эркинен ажыратылган жарандарга жазасын өтөп жаткан учурда медиаторлорду тартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Мыйзам долбоору учурда ведомстволор аралык макулдашууда турат.