Кадырбеков жылаңач кыздардын сүрөтүн көчөдөгү жарнамадан алып коюуну суранды

ЖКККББнын эскертүүсү менен алты айда 94 жарнамалык такта алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков ИИМден жол боюндагы жарнамалык такталардан жылаңач кыздардын сүрөтүн алып коюуну суранды.
Эл өкүлү автоунаа жолдорунун боюна илинген жарнамаларды ИИМ көзөмөлдөй алабы деп сураган.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов ар бир такта макулдашылып илинерин айтты. Ал эми алты айда 94 жарнамалык такта алынганын белгиледи.
"Бир жолу шылтоо менен жылаңач кыздардын сүрөттөрүн кошо алып койгулачы. Ошондо ыйман-адепке дагы иштеп коёсуңар", — деп кайрылды Кадырбеков.
Мындан сырткары, унаада баратып түкүрүнгөндөрдү артынан кууп, издеп жүрүп жазалоого чакырды.
Ички иштер министринин орун басары көчөдө түкүргөндөргө 1000 сомдук айып пул каралганын эскертти.
Айдарбеков Байсаловдун сөзүнө намыстанып, комитет төрагалыгынан кетүүдөн баш тартты