Жети миллионунчу кыргызстандык Баткенде төрөлүп, ысымын Садыр Жапаров койду

Президент наристеге жакшы ниет менен Жакшылык деген ысым ыйгарганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жети миллионунчу кыргызстандык Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев парламентте билдирди.
Спикердин айтымында, наристеге президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ат койгон.
"Баткенде жети миллионунчу уулубуз төрөлдү. Президентибиз анын ысымын жакшы ниет менен Жакшылык деп коюптур", — деди Шакиев.
Мындан мурдараак Кыргызстан калкын жети миллионго жеткирген ымыркайдын 20-октябрга чейин жарык дүйнөгө келерин алдын ала эсептеп чыгышкан.
1-августка карата Кыргызстан элинин калкынын саны 6 миллион 977 миң адамды, ал эми 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамды түзгөн. Кыргызстандык алты миллионунчу бөбөк Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Республика элинин саны жети жылда бир миллионго (алты миллиондон жети миллионго) көбөйгөнүн бүгүнкү бөбөктүн төрөлүшүнөн улам аныктоого болот.
Сүйүнчү! Жети миллионунчу кыргызстандык жарыкка келди