БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өлкөдө жети миллионунчу кыргызстандык жарыкка келди. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.
Улуттук статистикалык комитет кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Мындан мурдараак Кыргызстан калкын жети миллионго жеткирген ымыркайдын 20-октябрга чейин жарык дүйнөгө келерин алдын ала эсептеп чыгышкан.
1-августка карата Кыргызстан элинин калкынын саны 6 миллион 977 миң адамды, ал эми 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамды түзгөн. Кыргызстандык алты миллионунчу бөбөк Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Республика элинин саны жети жылда бир миллионго (алты миллиондон жети миллионго) көбөйгөнүн бүгүнкү бөбөктүн төрөлүшүнөн улам аныктоого болот.