Жаза аткаруу кызматы офицердик курамга кызматкер издейт. Талаптар

Кабыл алынган кызматкерлерге дайындалгандан тарта атайын наам ыйгарылып, кийин пенсияга чыгуу боюнча жеңилдиктер берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы офицердик курамга кызматкерлерди жана контролерлорду издеп жатат.
Офицердик курамга коюлган талап:
жогорку билим;
аскердик же альтернативдик кызмат өтөгөндүгү тууралуу билет (аялдарды кошпогондо);
курагы 35 жашка чейин;
орус жана кыргыз тилдерин билиши керек;
эмгек акысы — 35 миң сомдон баштап (эмгек стажына жараша).
Контролерлорго коюлган талап:
орто, атайын же жогорку билим;
аскердик же альтернативдик кызмат өтөгөндүгү тууралуу билет;
курагы 30 жашка чейин;
Бою 165 см кем эмес;
Эмгек акысы — 35 миң сомдон баштап (эмгек стажына жараша).
Кабыл алынган кызматкерлерге дайындалгандан тарта атайын наам ыйгарылып, кийин пенсияга чыгуу боюнча жеңилдиктер берилет.
Бардык каалоочулар 0(312) 43-82-10, 43-84-60, 0(553) 81-03-02 номерлери аркылуу маалымат алса болот.
Санарип министрлиги майыптыгы бар адамдарды IT-адистигине окутат. Шарттары