БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова өкмөт башчы Акылбек Жапаровдон тынбай алмашып жаткан министрлер тууралуу пикирин сурады.
Эл өкүлү муну Жапаровдун чоң кемчилиги деп эсептеп, министрлер кабинетин жетектеп турган чакта курамынын 75 пайызы жаңыланганын белгиледи.
"Өкмөттүн командасы туруктуу болушу керек, болбосо элдин пикири да туруктуу болбойт. Сиз сунуштаган кадрларды биз колдойбуз, анан эле иштен алып саласыз. Эмнеге бирөөнү дагы коргогон жоксуз?" — деп сурады Кожокулова.
Жапаров кадрлар алынса да өкмөттүн иши үзгүлтүккө учурабаганын айтты.
"Кеп коргогон же коргобогондо эмес, биз сизге айта албай турган жагдайлар дагы бар. Бирок поезд жүрүп жатат, ким жетишпесе жолдо калып калууда. 42 күн иштеген өкмөттөр дагы болгон. Биз, кудайга шүгүр, бир жылдан бери иштеп жатабыз. Ким жетише алса иштеп жатат, иштей бермекчи. Ал эми бүгүнкү шарттарга көнбөгөндөр башка иштер менен алектенүүгө өтөт. Өзгөчө жоопкерчилик алууну каалабагандар, бул биздеги эң чоң көйгөй", — деди Жапаров.