Зеленский орустарды өлтүрүүгө чакырган Казакстандагы элчини иштен алды

Подводка: Жаңы өкүл дайындала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский орустарды өлтүрүү тууралуу чуулуу билдирүү жасаган Казакстандагы элчи Петр Врублевскийди кызматтан алды. Жарлык өлкө башчынын кеңсесинин сайтына жарыяланды.
Буга чейин соцтармакта Врублевскийдин украин режими болушунча көбүрөөк орус өлтүрүүгө аракет кылып жатканын айтканы тартылып калган видео тараган. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Врублевский кийин ТИМге чакырылып, нааразылык нотасы тапшырылганын билдирди. Россия ТИМинин маалымат катчысы Мария Захарова мындай сөздү террордук мамлекеттин өкүлү гана айта турганын белгилеген.
Элчи 8-сентябрда Казакстандан чыгып кеткен. Азырынча жаңы өкүл дайындала элек, Украинанын дипломатиялык миссиясын убактылуу өкүл башкарууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сауд арабиялык серепчи: АКШ Зеленскийди ээликтирип, эми шаабайын суутуп жатат