Садыр Жапаров жети миллионунчу кыргызстандыкка 1 млн. сом которду

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Апасы — Айжаркын Сыраждинова 40 жашта, жаңы төрөлгөн наристе алардын төртүнчү баласы.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда жети миллионунчу болуп төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине чалып куттуктап, бөбөк үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллион сом которду. Бул акчаны бала жашы жеткенде өз муктаждыгына колдоно аларын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алган.
1 / 2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда жети миллионунчу болуп төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине чалып куттуктап, бөбөк үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллион сом которду

2 / 2

Мамлекет башчы Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алган.

Кудайбергенов ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөнүн айтып, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу, уул бала Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда саат 2:10до төрөлгөнүн билдирген.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Апасы — Айжаркын Сыраждинова 40 жашта, жаңы төрөлгөн наристе алардын төртүнчү баласы. Бөбөктүн салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр.
"Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыктын ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал элдин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келерине ишенерин билдирди", — деп жазылат билдирмеде.
Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, президенттен баласына ысым берүүнү өтүнгөн. Мамлекет башчы ымыркайга өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык деген ысым сунуштаганы айтылды.
Сүйүнчү! Жети миллионунчу кыргызстандык жарыкка келди