Россия иммиграциялык көзөмөлдү күчөтөрү күтүлүп жатат

Патрушев белгилегендей, чет өлкөлүк жарандардын социалдык жана маданий адаптациясына, алардын балдарын россиялык жалпы билим берүү программалары боюнча окутууга чоң көңүл бурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россияда миграциялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирди.
РИА Новости билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин жыйынында глобалдык миграциялык кризистин шартында жаңы чакырыктар боюнча сөз болду.
"Мигранттар жашаган жерлерде мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча масштабдуу иш-чаралар пландаштырылган. Миграциялык көзөмөлдү жана чет элдик жарандардын биздин өлкөдө жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөр каралууда", — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Патрушев белгилегендей, чет өлкөлүк жарандардын социалдык жана маданий адаптациясына, алардын балдарын россиялык жалпы билим берүү программалары боюнча окутууга чоң көңүл бурулууда.
Патрушевдин айтымында, Россияда миграция чөйрөсүндөгү кырдаал өзгөрдү. Ошондуктан мамлекеттик органдардын миграция жаатындагы артыкчылыктуу милдеттерин тактоо зарылчылыгы келип чыкты.
Пресс-борбор
Кыргызстандыктар БАЭде иштей башташат. Келишимге кол коюлушу күтүлүүдө