Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путиндин Коопсуздук кеңештеги негизги билдирүүлөрү

Россиянын президенти эки жарлыкка кол койгондугун айтты. Алардын бири — ЛЭРге, ДЭРге, Запорожье, Херсон облустарына аскердик абал киргизүү туурасында болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир нече билдирүү жасады.

Башкы тезистер

Киевдик режим бандиттик подполье түзүп, элди Россиянын аймагына жиберип жатат. Украинанын атайын кызматы Крым көпүрөсүндө жардыруу жасады. Россиянын башка аймактарында, анын ичинде көп адамдар жүргөн жерлерде, өзөктүк энергетикалык объектилер жайгашкан жерде да терактылар болду.
Буга чейин ЛЭР, ДЭР, Запорожье, Херсон облустарында аскердик тартип орногон. Бул режимди эми россиялык мыйзамдардын алкагында каттап, жүргүзүш керек, ал үчүн атайын жарлык чыкты. Документ токтоосуз РФтин Федерация кеңешине жөнөтүлөт.
Россиялык аймактардын бардык жетекчилери үчүн кошумча ыйгарым укук берген жарлык чыкты. Бул аталган жетекчилердин элдин коопсуздугун камсыздап, өтө маанилүү болгон объектилерди антитеррордук жактан коргоо, кайтарган чечимдерди кабыл алышы үчүн жасалууда.
Мындан сырткары, атайын операция жана башка нерселер үчүн зарыл болгон продукцияларды чыгарууну кеңейтүү жана жөнгө салуу боюнча да иш алып барары каралган.
Дүйнөдө кырдаал улам барган сайын өзгөрүүдө. Миграцияга таасирин тийгизген глобалдуу жана аймактык факторлор пайда болууда. Мындай жаңы көрүнүштөргө миграциялык саясаттын концепциясын ылайыкташтыруу керек.
Мобилизация болгон ар бир катардагы жоокерге айына жумшалган каражат 195 миң рублге чукул каражатты түзөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин жаңы кошулган 4 облуска аскердик абал киргизди