Президент менен өкмөт жаңы Ак үйгө көчкөндө имаратын кимге берери айтылды

Жаңы салынып жаткан Ак үй кийинки жылдын 31-августунда курулуп бүтүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент менен өкмөт жаңы имаратка көчкөндөн кийин ордуна Бишкек мэриясы келип жайгашы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Буюрса, 31-августта өкмөт, президент жаңы имаратка көчө турган болсо, азыр биз отурган имаратты мэрияга беребиз деген ой бар. Президент Садыр Нургожоевич ушундай пикирин айтты эле. Мэрия азыр отурган жерге Чүй облусунун администрациясын көчүрүп келебиз”, — деди Жапаров.

Эске салсак, президенттик администрациянын жаңы имараты мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салынмакчы. Президент Жапаров анын курулушуна 15-апрель күнү капсула салган. Ал жанына дагы бир имарат салып, бардык министрликтерди көчүрүп кетерин айткан болчу.
Бир тыйын кетпейт! Садыр Жапаров жаңы "Ак үйдүн" курулушу боюнча үн катты