Ошто өспүрүм кызды ала качууга шектелип төрт киши кармалды

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык сотунда каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ошто никеге туруу максатында кыз ала качууга шектелип төрт киши кармалганын Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген.
"Алар 18-октябрь күнү болжол менен саат 22:00дөр чамасында Ош шаарынын Масалиев проспектиси менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып бараткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кызды ала турчу жигит 27 жашта болгон. Жанындагы шериктеринин бири 37 жашта болсо, экинчиси 36 жаштагы киши", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу үчүн ала качуу") негизинде иш козголуп, тергөө иштери башталганы айтылды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык сотунда каралат.
Камалып, ири акча төлөйсүң! ИИМдин ала качуу тууралуу ролиги