Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жолунан жылына болжол менен 200 миллион сомго чейин пайда түшөт. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, темир жол өзүн 10-15 жылда актайт.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жолу — стратегиялык долбоор. Андан жылына болжол менен 200 миллион сомго чейин пайда түшөт деген эсептер бар. Ошол каражат менен долбоор өзүн 10-15 жылда актайт. Мындан тышкары, мультипликативдик пайдалар көп. Алсак, өлкөгө товар ташып келүү, чыгаруу арзандайт. Демек, өндүрүш куруунун рентабелдүүлүгү өсөт. Натыйжада ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле логистиканын жоктугунан айрым кен байлыктарды экспорттоого мүмкүн болбой келет. Ал эми өлкөдө эки миллиард тоннадай көмүр бар. Учурда Европада көмүргө муктаждык өсүп, Казакстандан ташууда. Ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга шарт түзүлөт", — деди Абакиров.
Ошондой эле ал аталган долбоордун үчтөн бир бөлүгүн кыргыз тарап каржылай турганын кошумчалады.