Кыргызстандык 3 балбан АКШдагы турнирге дүйнөлүк курама команданын атынан чыгат

Мелдеш 10-11-декабрда Коралвилл шаарында болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогуна дүйнөлүк курама команданын атынан чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кабарлады.
1 / 3

Айсулуу Тыныбекова

2 / 3

Эрназар Акматалиев

3 / 3

Арсалан Будажапов

Турнир 10-11-декабрда Коралвилл шаарында (Айова штаты, АКШ) өтмөкчү. Дүйнөлүк курама командадан тышкары жеңиш үчүн чемпионатта беш улуттук команда ат салышат. Алар АКШ, Иран, Япония, Монголия жана Грузиянын балбандары. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Япония, АКШ, Кытай, Монголия жана Украина.
Акматалиев 70 килограмм салмакта күрөшсө, Будажапов 79 килограмм салмакта, ал эми Тыныбекова 62 килограммдык салмак категориясында ат салышмакчы.
13 жаштагы Байтур Абжалбеков кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду