Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: Тажикстан чек арачылары кыргыз аскерлерине жалаа жабууда

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. УКМК Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кыргыз тарапка карата айыптоосуна жооп кайтарды.
Тажикстандын УКМКсы кыргыз тарап ок атуучу позицияларды даярдап, аскердик техникаларды тартып, Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп жатканын айтып чыкты. Ал эми КР Чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөдү.
КР УКМКсы дагы эмне деди:
25-сентябрдан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап, чек аранын бардык периметри боюнча траншеяларды казып жатат;
Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иштери үчүн дрондорду колдонуу боюнча 10дон ашык факты катталды;
"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына бет маңдай жайгашкан позицияларына жарандык унаалар менен ок-дарыларды жеткирүү катталды;
Тажик тарап жалданма аскерлерди даярдоо, курал-жарактарды сактоо үчүн мечиттерди пайдаланып жатканы тууралуу маалымат бар.
Кыргызстандын УКМКсы тажик тарапты эки мамлекеттин калкын адаштырууну токтотууга, мыйзамсыз аракеттерге үндөбөөгө чакырат.
Депутат Ашимова Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал сатууга тыюу салууга чакырды