Кубакы ашуусуна кар жаап, бардык автоунааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө алына элек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Кубакы ашуусуна кар калың түшкөндүктөн, ашуу аркылуу бардык автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Ашуу жабылгандыктан, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулган. Тагыраагы, айдоочулар азыр Нарынга Кубакы ашуусу аркылуу өтө албайт, Балыкчынын жолу менен кетиши керек.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абаддын Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алына элек.
"Бул ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техника тартылып, автоунаалардын коопсуз өтүүсү үчүн туз, таш төгүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
ЖКККББ айдоочуларга алыскы жолго чыгарда жана ашуулардан өтөрдө жанына чынжыр салып алууну эскертип, жолдун каршы тилкесине чыкпоого, тыгын болгон жерде атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана машиналардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырды.
Төө-Ашууга кар жаады. "Сосновкадан" кышкы дөңгөлөктүү унаалар гана өткөрүлүүдө