Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсондо кырдаал курч. Россия аймактагы жай тургундарды чыгарып кетери айтылды

Херсон облусуна азык-түлүк жеткирүү кыйындап, суу, электр энергиясы жаатында көйгөй жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россия армиясы Херсон облусундагы жай тургундарды өз убагында алып чыгып кетмекчи. Бул тууралуу РФ армиясынын биргелешкен тобунун командачысы Сергей Суровикин журналисттерге берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Херсон облусунда кырдаал курч экенин айтып, аймакка азык-түлүк жеткирүү кыйындап, суу, электр энергиясы жаатында көйгөй жаралганын белгилеген.
"Реактивдүү HIMARS куралдарынын соккусунан улам Антонов көпүрөсү, Кахов ГЭСинин дамбасы жабыркап, кыймыл токтоду. Мындан улам ал жакка тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү оор болууда. Бул элдин жашоосун эле кыйындатпастан, өмүрүнө да коркунуч туудуруп жатат", — деди Суровикин.
Ал украин армиясы турак жай, инфраструктура объектилерин атайын аткылап жатканын кошумчалаган.
"Азыркы шартта биздин биринчи тапшырма — жай тургундардын өмүрүн сактап калуу. Ошол себептен Россиянын армиясы биринчи кезекте калкты алып чыгып кетүүгө аракет кылмакчы", — деген ал.
Суровикин облустун борбору Херсон шаары жөнүндө айтып жатып, Россиянын Куралдуу күчтөрү аскердик-тактикалык кырдаалга жараша иш алып барарын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Путиндин идеясынын популярдуулугу өсүп жатканын моюнга алды