Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ак-Сайда тоок фермасы өрттөлүп, өзү өлтүрүлгөн адамдын 9 млн. сом кредити жоюлду

Бүгүнкү күндө жалпысынан чек арадагы кагылыштан жабыркаган 252 адамдын насыясы кечилди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баткен районунун Ак-Сай айылында тажик тараптын кол салуусунан каза болгон тоок ферманын кожоюну Матиса Надировдун 9 миллион сомдук насыясы жоюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
"Ак-Сай айылынын четинде кичине тооккананы миллиондук чоң ишканага айландырган ишкерибиз, тилекке каршы, каза болду. Бирок анын баласы бар экен. Ишкердин банктардан алган 9 миллион сомдук үч кредитинин баарын кечип бердик. Ошондой эле мындан дагы чоң ферма куруш үчүн каржылык жардам көрсөтө баштадык. Атасынын ишин баласы улантып кетсин деп тилек кылып жатабыз", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, өкмөт башчы чек арадагы кагылыштан жабыркаган 252 адамдын кредити кечилгенин, 13 насыя реструктуризациялана баштаганын белгиледи. Бул жумуш мындан ары дагы улантылат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жапаров: Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна асты-үстү бетон тамдар салынат